Ар ким билгенин кошо берсе – тил бузулат

Автор: Мэри Бекешова, июля 13, 2012

Жакында “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарбынан “Кыргыз тили жана учурдагы журналистика” деген аталыштагы окуу уюштурган эле. Окууну кыргыз журналистистикасынын белгилүү инсандарынын бири Эсенбай Нурушев өткөрүп берди.

Эсенбай агай окуу учурунда, кыргыз тилинде жазган журналисттер үчүн эске түйө турган көп пайдалуу нерселерди айтып берди. Ошолордун айрымдарын окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Бизде пиджин тилннде сүйлөгөн катмар пайдп болду

Эсенбай агайдын айтымында пиджин тили учурда кыргыз тилинде дагы кеңири колдонулуп келтат. Анын өнүккөн түрүн креол деп аташат. Бул тилдердин баары акыркы беш кылымда ар кандай тарыхий жагдайлардан улам пайда болгон.

Мындай тил дүйнө жүзүндө көп кездешет. Дүйнөлүк англис тилинин эле, башка тилдер менен жуурулган бир нече бузулган түрү пайда болду. Илимпоздор аларды франглис, немглис, рунглис деп атап коюшкан.

Биздеги пиджин тилинен мисал келтирсек: Россияга зарабаткага баратабыз, гринкарт выиграть этип алабыз, стройматериалдар менен торгавать этебиз, гендер боюнча тренинг өткөрөбүз, пилоттук проекттерди сынап жатабыз, выборго мониторинг жүргүзөбүз.

Мындай мисалдар санай берсе чачтан көп. Өзгөчө биздин элдин каймагы деп эсептелген эл өкүлдөрүнүн, жогорку кызматтагылардын телекөрсөтүүдөгү маектерин уксаң, эки сөзүнүн бири орусча. Жалпы сүйлөм түзүү принциби кыргызча, бирок айрым сөздөрү орусча, анысы аз келгенсип ошол орус сөздөрүнө кыргыз мүчөлөрдү улап коюшат. Муну бузук тил, же пиджин тили деп атаса болот. Учурда кыргыз тилинин оозеки түрү ушундай бузулууга дуушар болгон. Ал эми адабий тили пиджиндин деңгээлине жете элек. Бирок таасири тийип атканы байкалууда. Кыргыз тилинин ыгына туура келбеген сүйлөмдөр көбөйүп кетти.

Бузук тил көбүнчө маалымат каражаттары аркылуу элге таралып жатат. Себеп дегенде маалымат каражаттары туура эмес нерсени кайра-кайра кайталап айта берип элге сиңирип салып атат. Мурун гезитке жазылган материал үч-төрт редактордун колунан өтүп, оңдолуп отуруп жарык көрчү. Азыр болсо бир редактор окуса окуйт, окубаса автор өзү эле оңдоп чыгара берет. Чала сабаттуулары болсо өзүнүн жеке котормолорун, табылгаларын кошуп салат. Кайсы бир сөздүн жаңы котормосун киргизүүдө, сөздү атайын изилдеп, тарыхын таап, тактоо деген дээрлик жокко эсе. Анан ошол чала сабаттуулар киргизген котормолор колдонолуп, жайылып кетип тил бузулуп атат.

Ошентип жайылып кеткен сөздөрдөн мисал кылсак “бутка туруу” деген сөздү мамлекетке, элге, үй бүлөөгө, анысы аз келгенсип демократияга, экономикага колдонуп жатышат. Муну кыргызча сөз деп айтууга болбойт. Бул орус тилинен “встать на ноги” дегендин сөзмө сөз которулушу. Кыргыз эли бул сөздү бутуна тура албай калган мас адамга карата гана колдонот. Ал эми башка учурларга телчигүү, торолуу, баралына жетүү, кемелине келүү, ирденүү, тикеленүү, тирденүү деген сонун сөздөрдү колдонсо болот.

Мындай бузулган сөздөр расмий документтерде, басма сөздө, илимий эмгектерде көп кездешет. Ал эми кыргыз элинин эпосторунан, дастандарынан, жомокторунан мындай бузук сөздөрдү кездештирбейсиң. Анткени алар нукура кыргыз тилинде жазылган. Кийинки документтер болсо орус, англис тилдеринин таасири менен, туура эмес которулгандан тил бузук сөздөргө толуп кеткен.

 

Терминдерди ыгына жараша кабыл алуу зарыл

Дүйнө жүзүндө ай сайын 1500гө жакын жаңы термин пайда болуп, колдонууга кирип турат. Алардын басымдуусу тилге баары бир кирет деген теория бар. Андан коргонуунун кажети жок. Коргоно дагы албайсың. Ылайыгы келгенин которуп, ылайыгы келбегенин болгонундай колдонуу керек. Мисалы “энергия” деген сөздү “электр кубаты” деп которуп жатышат. Ал эми “мощность электрической энергии” дегенди “электр кубатынын кубаты” деп которобузбу, же “энергетическая политика” дегенди “кубат саясаты” дейбизби? Андыктан тилди тантык кылбай, терминдин өзүн эле колдонуу туура.  Терминди которуудан алдын, башка сөз менен айкашкан учурларды талдап чыккандан кийин гана котормону сунуш кылыш керек.

Төмөндө маалымат каражаттарында, өзгөчө көп колдонулуучу бузук сөздөрдөн  жана сүйлөмдөрдөн мисал келтирилген. Кесиптештер буларды окуп чыгып, кабыл алат деп ишенебиз.

  1. Журналисттер акыркы учурда байламталардан кийин үтүр коюну адат кылып алышкан. Негизи эле журналисттер окуп келатып эле мурундан тынган жерден эле үтүрлөрдү кое беришет көрүнөт. Анткени, себеби, бирок, жана, менен, андыктан, ошондуктан деген байламталардан кийин үтүр белгиси коюлбайт. Тыныш белгилерин коюну, 2-класстан окутат. Ошол 2-класстын китебин ачып окуп алган пайдалуу болмок. Мындан намыстанбаш керек. Салижан Жигитовдун бул китепти окуп отурганын өзүм көргөм. “Билимдин баары мына ушул жерде”, -деп айткан эле ал.
  2. “Эки унаа сүзүшүп 6 адам жарадар болду”,- деген сүйлөмдө кандай катаа бар? Биринчиден унаа – монгол тилинен алынган “мал” дегенди билдирет. Кыргыз унаа деп атты, эшекти, өгүздү айтат. Кыргыз тилинде “машине” деп колдонулганы дурус. Экинчиден машине сүзүшпөйт, себеби анын мүйүзү жок. Машине кагышат.

Эгерде кайсы бир сөздүн котормосун колдонуш керек болсо аны 5-6 маалымат булагынан тактап алыш керек. Юдахиндин сөздүгүндө машина деген сөздүн котормосу – машине деп жазылган. Кыргыздар “кир жуугуч машине” деп айтат. Аны “кир жуугуч унаа” деп айтууга болбойт. Эл “унаа базар” эмес “машине базар” деп айтып көнгөн.

  1. Кесиптеш деген сөздү дагы ЖМКлар туура эмес колдонуп жатышат. “Атамбаев Россиялык кесиптеши Путин менен жолугушту”. Муну орус тилинен “встретился с Российской коллегой”- дегенди сөзмө сөз ушинтип которуп алышыптыр. Кесиптеш болуш үчүн бир кесиптин ээси болуш керек. Жогорку окуу жайдан “президент”, же “премьер министр” деген диплом бербейт да. Андыктан “Атамбаев Россиялык өнөктөшү менен жолугушту” – деп жазылганы туура.
  2. “Мен сиз менен толук кандуу макулмун” – деп айтып жатышат. Орсучага которсок “Я полнокровно согласен с вами” – деп которулат. Минтип орустар дагы айтпайт. “Мен сиз менен толук макулмун” – деп айтыш керек.

“Балдарга тарбия бербесе толук кандуу адам болбой калат” – деп дагы жазып жүрүшөт. Мында “каны аз, анемия оорусу менен ооруган” – деген маанини берет. Бул маанини берүүгө кыргыз тилинде эң сонун сөздөр “боору бүтүн”, “кемели кең”,  “кемели жетик”, “боору жетик” деген сөздөр бар. Мунун антоними “кемели кемтик”, “кемели өксүк”, “боору жарты”. “Каркап” – деген кыргыздын сонун сөзү бар. Бул сөздүн синонимдер “текши”, “жапыр”, “толук”. Мисалы “Биз кыргыз тилин каркап колдоно албай жатабыз”.

Ал эми “не полноценный” деген сөздү  “кемери өксүк” деп которосо кыргыз тилине куп жарашып атпайбы.

  1. Башка тилден которууда сөзмө сөз эмес тилдин ыгына жараша которгон туура болот. “Зеленноглазый лейтенант” жегенди “жашыл көздүү лейтенант” деп которуп журүшөт. Кыргыз муну “көк көз лейтенант” деп айтат.
  2. “Отставка”-деген сөздү кызматтан чегинүү деп которуп жатышат. “Түзүлгөн жагдай президентти кызматынан чегинүүгө мажбур кылды”. Туурасы  “Түзүлгөн жагдай президентти кызматын тапшырууга мажбур кылды”. “Отставка” – “оставил” деген сөздөн келип чыккан. Демек –  кызматтан бошонот, кетет, тапшырат, түшөт. Бирок кызматтан чегинбейт.
  3. “Алмазбек Атамбаев бүгүн телеканалга берген маегинде мындай деди” – деп айтышат. Кимдир бирөө маек берсе, дагы бирөө аны алыш керек да. “Атамбаевдин телеканалдагы маегинде” деп айткан туура болмок.
  4. Кыргыз ЖМКлары “баарлашуу” деген сөздү дагы орду жок колдонууну өнөкөткө айлантып алды.  Бул сөздүн түпкү мааниси – эзилишип сыр чечишүү, интимдүү темада сүйлөшүү. Ал эми биздин ЖМКларда саясатчылар, журналисттер, чоочун меймандар баары бири-бири менен баарлаша беришет. Бул жерде “пикир алышты”, “сүйлөштү” деп эле айтыш керек.
  5. “Аликбек Жекшенкулов криминалдык чөйрөнү тазалоо тууралуу жар салды”.   Жар салуу – даңазалоо деген маанини берет. Биздин журналисттер  кенедей нерселердин баарын жар салдыра беришет. Муну жарыялады, айтты, билдирди деп айтса туура келет.
  6. Акыркы учурда “чагым” деген – сөздүн мааниси окуянын жүрүшүнө туура келсе, келбесе дагы колдонуп жатышат. “Чагым” –  орус тилине “донос”, “клевета” “доносить тайным образом” деп которулат. “Муну “бийлик Мадумаровду каралап, чагым чыгаруу үчүн атайлап уюштуруп жатат”, деп айыптады”.  “Эртең башталуучу биргелешкен аскерий машыгуусу учурунда чагым жасалышы мүмкүн”.

Бул сүйлөмдөрдө орусча айтканда “провокация” уюштуруу деген мааниде колдонулган. Ал эми провокация кыргыз тилине “тукурук” деп которулат.

  1. “Карышкырга тузак коюшту” деп жазышат. Карышкыр тузакты тоңотмок  беле. Карышкырга капкан коет.
  2. “Өлкөнүн президенти элге кайрылуу менен чыкты” – деген сүйлөмдөр ЖМКлардын дээрлик ар биринде колдонулат. Президент кайрылуу менен жетелешип чыккандай элес калтырат. Муну орус тилинен “выступил с обращением” дегенди  сөзмө сөз которуп алышкан. “Президент элге кайрылды” деген туура.
  3. “Ошто атышуулар орун алды”.  “Бишкек шаарында эки тараптын жолугушуусу орун алды”. “Орун алды”- деген “отуруп калды” дегенди билдирет. “Иметь место” –деген орус тилинен түз “орун алды” деп которуп тилдин кунарын кетирип атышат. “Ошто атышуулар болду”, “Эки тараптын жолугушуусу болуп өттү” – дегени кулакка жатык угулат.
  4. “Вызовы 21 века” дегенди кыргызчага “21-кылымдык чакырыктары” деп которушкан экен. “Криминалдык чөйрө бийликке чакырык кылды”.

Чакырык – орсу тилинде “призыв” дегенди билдирет. Ал эми “вызовы” деген сөз чечиле турган маселелер, көйгөйлөр деген маанини берет. Андыктан “21-кылымдын көйгөйлөрү”  деп которулушу керек.

  1. “Жазмакер” деген сөздү кыргыз маалымат каражаттарында баардык журналисттерге, жазуучуларга карата колдонушат. “Жазмакердин”  туура мааниси орусча айтканда “халтурщик”, же арыдан бери бир нерсени чиймелеп жиберген адамды айтат да, терс мааниде колдонулат.
  2. “Суд был отложен” – “Сот артка жылдырылды” деп которушат. Бул туура эмес, себеби сотту кечээги күнгө жылдыруу мүмкүн эмес. Артка жылбайт – күзгө калат, жазга калат, эмки жылга калат.
  3. “Талапкерлигин жылдырды” деген сөз айкашы кыргыз тилинде кадыресе көрүнүш болуп калды. “Выдвинул кандидатуру” – деген сөз айкашын сөзмө сөз которуп алышкан. Кыргыздар “талапкерлигин коет” деп айтышат.
  4. “СПИДДИ алып жүрүүчүлөр”  деп “Носители СПИДа” которулушу. СПИДке чалдыккандар десек туура болот.
  5. “Носители передовой идеи” – дегенди “Алдыңкы идеяны алып жүрүүчүлөр” деп которушат. Алыдыңкы идеяга каныккандар десе кулакка жатык угулат.
  6. “Оскорбление чести и достоинства” дегенди “Абийирин булгап койду” – деп которушат. Абийирин булгоо – кыргыз тилинде зордуктоо деген маанини түшүндүрөт. Туурасы: кадыр баркына шек келтирди, ар намысына шек келтирди.
  7. Педофил – деген сөздү “бачабаз” деп которсо болот. Бирок кыргыздарда мындай көрүнүш болгон эмес. Андыктан так котормосу жок. Ал эми “гомосексуалист” – деген сөздү “кумса” деп которушат.
  8. “Президенттин алдындагы” деп көп колдонушчу болду. “Президентке караштуу” десе таза кыргызча болуп калат.
  9. “Көз карандысыз” деген сөздү синоними “табынсыз” – табынуу деген сөздөн  келип чыккан.
  10. “Баланс мнений” – пикирлердин балансы эмес – пикирлердин теңдеми.
  11. Тыкыр текшерилип атат – деп калышат. Бул жерде “тыкыр”  деген сөз скурпулезный деген мааниде колдонулуп атат. Ал эми туура мааниси – зарыл же экстренный дегенди билдирет. Мында “Ийне жибине чейин текшерилип атат” десе маанисине туура келмек.

Сүйлөмдүн түзүлүшүндөгү кемчиликтер

  1. “Каза тапкан спортсмен жигит рекеттик кылып жан бакчу”. Бул жерде рекеттик кылып жүргөн шылуун немени эптеп араба түртүп жан баккандай кылып койгон.
  2. “Уксус ичип өлгүсү келген кыз, тилекке каршы аман калды”. Бул жерде кимдин тилегине каршы экенин билүү кыйын.
  3. “Базарды кытайлык товарлар басып кетти”. Кытайлык, америкалык деген сөздөрдө колдонулган “лык” мүчөсү адамга гана колдонулат. Бул жерде “Кытай товарлары басып кетти” – деген туура.
  4. “Түн ичинде миллиция –шектүү кылмышкерди токтотту” – шектүү кылмышкер болбойт, шектүү адам болот. Ал эми кылмышкер деп – сот гана чечим чыгара алат.

Көп ката кетирилчү айрым орус сөздөрдүн котормолору

Булардын айрымдары которулбай эле колдонулуп жатат.

  1. Маневр – аскерий ыкым
  2. Блокада – камоол
  3. Короткое замыкание  -чукул туташуу.
  4. Красный крест –Кызыл чырым
  5. Классификация  – жиктем, илимдердин жиктеми
  6. Органичение – чектем, митингге чектем киргизүү
  7. Свободный рынок – эркин рынок, эркин маркет
  8. Христиан – тарса
  9. Потолок – шып
  10. Небылица – авсана
  11. Огород – агарот, тамарка
  12. Француз –бараң
  13. Отпуск – отпуске
  14. Кровать – керебет
  15. Тренер – тапкөй
  16. Компенсация – жабыр акы
  17. Дубликат – жуп нуска
  18. Вклейка – бактама
  19. Глушитель – үн жойгуч
  20. Установка – орнотмо
  21. Укладка волос – чач жасам
  22. Учение –машыкма
  23. Тренинг – жатыкма , көнүкмө
  24. Пилотный проект – сынамык долбоор
  25. Установить личность  – тек жөнүн аныктап
  26. Светское  – дүнүави, динден башка дүйнө деген, араб, иран тилинен келген.
  27. Живой звук – жандуу үн
  28. Солнечная батарея – күнчырак
  29. Подсудимый  – айыпкер
  30. Понятой – күбөгер
  31. Дочернее предприятие  – энчилеш ишкана

Мэри Бекешова

комментария 2

Эсенбайдын ушул теманы козгоп, кеп кылганы абдан жакшы болуптур. Мен да көптөп бери чыгына албай жүргөм. Ойлорун окуп, бир топ ыраазы болуп калдым. Бирок анын өзүнүн жазгандарында да туура эмес, жаңылыш, негизсиз нерселер бар экен. Жарыш сөзгө чыгып, маселени кеңири талкууласак жакшы болмок.

Автор: Мухтар Давлетов, дата: Вторник июля 17th, 2012 14:29. Ответить #

Мэри Бекешова

Талкуудан тактык жаралат дегендей, кайсы жаңылыштыктары бар экенин айтсаңыз. Анан биз дагы өз пикирибизди билдирели.

Автор: Мэри Бекешова, дата: Вторник июля 17th, 2012 21:56. Ответить #

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.