Эгемен элдин эртеңи

Автор: Мэри Бекешова, июля 17, 2012

Дүйнөлүк коомчулук акыркы учурда айрым элдердин келечектеги тагдырын, мамлекет катары сакталышы же жоголушу, эл катары бар болушун же жок болушун, алардын тилинин өнүгүшүн, же таптакыр жок болуп кетишин жоруган изилдөөлөрүн жарыялап келишет. Ошондой изилдөөлөрдө биздин мекенибиз кыргыз мамлекети тууралуу ар кандай тыянактар чыгарылган. Аны кайталап айткандан качасың. Атүгүл оюңа алгын келбейт.
Ошол эле учурда изилдөө жүргүзгөн уюмдар ишти кынтыксыз тактык менен, атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде жүргүзгөнүн, анын 90 пайыз туура чыгаарын айтып келишет.
Кыргыз эли эгемендик алгандан бери ары-бери чайпалганы менен акырындык менен өз жолун издеп таап, бара-бара түзөлүп баратканы байкалууда. Эгем ошол түз жолдон жаңылтпасын, көптүн катарында бере турган энчисин унутпасын.
Мен билген көптөгөн замандаштарым кыргыз эли, тили, анын салты, адаты, кенен келечеги үчүн күрөшүүгө, талбай эмгектенүүгө даяр. Алар барда кынтыксыз тактык менен жасалган жыйынтыктар кагаздан алыс чыкпасына ишенем.
Андыктан, элдин эртеңин Эгемен жана элдин өзүнөн демекчимин.

Компьютер – кыргыздаштыруу

Автор: Мэри Бекешова, июля 13, 2012

Бул эки тилде чыгарылган окулуктун автору Күлүйпа Салымбекова жана Жаныбек Жанызак. Окулуктун мааниси компьютердик терминдердин кыргыз тилинде сунуш кылынышы. Айта кетчү нерсе, бул колдонмо китепте терминдер кыргыз тилинин ыгына жараша которулуп, журналисттер үчүн пайдалуу маалымат булагы, ал эми кыргыз тилин өнүктүрөм дегендер үчүн чоң табылга.

Эсепкер  – Компьютер

Толугу менен

Ар ким билгенин кошо берсе – тил бузулат

Автор: Мэри Бекешова, июля 13, 2012

Жакында “Журналисттер” коомдук бирикмеси тарбынан “Кыргыз тили жана учурдагы журналистика” деген аталыштагы окуу уюштурган эле. Окууну кыргыз журналистистикасынын белгилүү инсандарынын бири Эсенбай Нурушев өткөрүп берди.

Эсенбай агай окуу учурунда, кыргыз тилинде жазган журналисттер үчүн эске түйө турган көп пайдалуу нерселерди айтып берди. Ошолордун айрымдарын окурмандар менен бөлүшүүнү туура көрдүк.

Толугу менен