Эгемен элдин эртеңи

Автор: Мэри Бекешова, July 17, 2012

Дүйнөлүк коомчулук акыркы учурда айрым элдердин келечектеги тагдырын, мамлекет катары сакталышы же жоголушу, эл катары бар болушун же жок болушун, алардын тилинин өнүгүшүн, же таптакыр жок болуп кетишин жоруган изилдөөлөрүн жарыялап келишет. Ошондой изилдөөлөрдө биздин мекенибиз кыргыз мамлекети тууралуу ар кандай тыянактар чыгарылган. Аны кайталап айткандан качасың. Атүгүл оюңа алгын келбейт.
Ошол эле учурда изилдөө жүргүзгөн уюмдар ишти кынтыксыз тактык менен, атайын иштелип чыккан ыкманын негизинде жүргүзгөнүн, анын 90 пайыз туура чыгаарын айтып келишет.
Кыргыз эли эгемендик алгандан бери ары-бери чайпалганы менен акырындык менен өз жолун издеп таап, бара-бара түзөлүп баратканы байкалууда. Эгем ошол түз жолдон жаңылтпасын, көптүн катарында бере турган энчисин унутпасын.
Мен билген көптөгөн замандаштарым кыргыз эли, тили, анын салты, адаты, кенен келечеги үчүн күрөшүүгө, талбай эмгектенүүгө даяр. Алар барда кынтыксыз тактык менен жасалган жыйынтыктар кагаздан алыс чыкпасына ишенем.
Андыктан, элдин эртеңин Эгемен жана элдин өзүнөн демекчимин.

Оставить комментарий

Обязательное поле.

Обязательное поле. Не публикуется.

Если есть.